Комитет шайлоо процесстерин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карады
Бүгүн, 23-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, жактырды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору депутаттар Марлен Маматалиев, Гульнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленген.
Демилгечилердин бири, депутат Гульнара Акимбаева белгилегендей, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу, эскирген жана ашыкча жоболорду алып салуу, терминологияны башка ченемдик укуктук актылар менен унификациялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын ээлөө тартибинин өзгөрүшүнөн келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу, шайлоо округдарын түзүү мөөнөттөрүн аныктоо максатында иштелип чыккан.
Анын ичинен шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын бирдейлештирүү максатында «аймактык» деген сөздү «округдук жана аймактык» деген сөздөргө алмаштыруу жана «аймактык, участкалык» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Андан тышкары, жыйында ошол эле депутаттар Марлен Маматалиев, Гульнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Тагыраагы, аталган мыйзам долбоору менен округдук шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдер киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөр мыйзамдардагы укуктук боштуктарды жоюуга шарт түзүп, округдук шайлоо комиссияларынын укуктук макамын бекемдөөгө, алардын шайлоо комиссияларынын тутумундагы ордун так аныктоого жана шайлоо процесстерин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошону менен катар тармактык комитет Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган “Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
