Талаага алып барып, муунтуп өлтүрүшкөн. Чүйдө эки адамдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Чүй облусунда эки жаранды өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды
2026-жылдын 7-мартында болжол менен саат 11:04тө Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт каттого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу чыгарылып, Бишкек–Ош унаа жолунун 48-чакырымында, Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы участоктон болжол менен 200 метр батыш жакта, талаанын четинде эки эркек кишинин сөөгү зордук-зомбулук белгилери менен табылган.
Өлгөндөрдүн өздүгү аныкталып, алар 1999-жылы туулган, Д.Д., жана 2003-жылы туулган, К.Б., экени белгилүү болду. Мындан тышкары, Д.Д. аттуу жаран 2026-жылдын 1-мартынан бери Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБде дайынсыз жоголгон адам катары катталганы аныкталган.
Бул факт боюнча Чүй ОИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып: алар 2001-жылы туулган, К.О., 2007-жылы туулган, С.Б., 2005-жылы туулган М.Б., жана 2006-жылы туулган С.У. аттуу жарандар экендиги аныкталды.
С.Б., М.Б. жана С.У. аттуу шектүү жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан кармалып, Чүй ОИИББне жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде камалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аларга карата сот тарабынан 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Негизги шектүү К.О.нун жүргөн жери аныкталбай жаткандыгына байланыштуу ал издөөгө жарыяланган.
М.Б. атту шектүүнун Кадамжай районунун Алга айылындагы үйүнөн тинтүү иш чарасын жүргүзүүдө К.О. атту издөөдөгү шектүүнүн атына УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү жана милициянын лейтенанты наамындагы формасы табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2026-жылдын 25-февралында жогоруудагы шектүүлор Д.Д. жана К.Б. аттуу жарандарды жалган шылтоо менен шаардагы ижарага алынган батирге алып барышып, аларды ур-токмокко алып, акча каражатын жана iPhone 13 менен iPhone 15 мобилдик телефондорун алып коюшкан. Кийинчерээк аларды «ЦУМ» жана «Берекет Гранд» соода борборлорунда сатып жибергендиги аныкталган.
Шектүүлөр жабырлануучуларды 26-февралга чейин батирде тамак бербей кармашкан. Кийин саат 00:30 чамасында алардын колун байлап, көздөрүн таңып, К.О.нун атына ижарага алынган Hyundai Sonata унаасы менен Бишкек–Ош унаа жолу аркылуу алып чыгышкан. Андан ары аларды Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы талаага алып барышып, зордук-зомбулук менен уруп, муунту жолу менен өлтүрүшкөн.
Кылмыш жасоодон кийин сөөгүн талаанын орто ченине ташташып, андан соң шектүүлөр кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Жолдо баратып жабырлануучулардын футболкасын жана бут кийимдерин Ак-Торпок жана Бекитай айылдарынын жээктерине ыргытып жиберишкен.
28-февралда шектүүлөр кылмыштын изин жашыруу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунуна качып кетишкендиги аныкталды.
2026-жылдын 9-мартында Ош облусунда аталган кылмыштын уюштуруучусу, издөөгө жарыяланган - 2001-жылы туулган К.О. кармалып, ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
