Кадамжайда фермерлер үчүн жаңы тейлөө борбору ишке кирди
4 февраль

Кадамжайда фермерлер үчүн жаңы тейлөө борбору ишке кирди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында фермерлер үчүн жаңы тейлөө борбору ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ал райондук администрациянын биринчи кабатында жайгашып, аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жана айыл чарбасын өнүктүрүүнү максат кылат.

Бул борбордон фермерлер айыл чарба техникаларын ижарага алуу, сапаттуу үрөн табуу, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, өндүрүлгөн продукцияны сатуу сыяктуу маселелер боюнча кеңеш ала алышат. Фермерлерди кабыл алуу шйшемби жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Мындай борборлорду ачуу демилгеси суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге таандык.

Максат — фермерлерге бир эле жерде бардык зарыл маалыматтарды берүү жана аймактагы айыл чарбасын колдоо.