Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү телефон алдамчылыгы боюнча шектүүлөр кармалды
4 февраль

Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдөгү телефон алдамчылыгы боюнча шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 29-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна жаран Л.Т. жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2026-жылдын 27-январында белгисиз адамдар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, жабырлануучу менен байланышып, өздөрүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын, ИИМинин жана Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жаранды адаштыруу жолу менен анын атынан террористтик уюмдарга акча каражаттары которулгандыгын айтып, буга байланыштуу ага карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдиришкен.

«Кылмыш жоопкерчилигинен сактап калуу» жана «акча каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу» деген шылтоо менен кылмышкерлер жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүп, каржылык операцияларды жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатып, алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча банктык реквизиттерге жалпы суммасы 10 600 000 (он миллион алты жүз миң) сом акча каражатын которууга мажбур болгон.

Кийинчерээк аталган адамдар алдамчылар экени аныкталып, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүктөрүн жана чыныгы жайгашкан жерлерин аныкташты. Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, 2000-жылы туулган А.К., 2004-жылы туулган С.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын башка жагдайларын аныктоого, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табууга багытталган ыкчам-издөө жана техникалык иш-чараларды улантууда.