Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаа уурдоого шектүү кармалды
4 февраль

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаа уурдоого шектүү кармалды

2025-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге жаран Э. У. аттуу жаран арызы менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 19:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта белгисиз адамдар Объездная көчөсүндө, базарлардын биринин жанында токтотулуп турган «Toyota Camry 35» үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз түрдө айдап кетишип, белгисиз багытта из жашырып кетишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Н. М. аттуу шектүү кармалып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө мурда уурдалган автоунаа Ысык-Көл облусунун аймагында экени аныкталган. Шектүү мамлекеттик каттоо номерлерин алмаштырып, автоунааны башка жаранга сатып жиберген. Учурда транспорт каражаты алынган жана кылмыш ишине далил зат катары тиркелген.

Тергөө иштери улантылууда.