Акыйкатчы Институту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде мониторинг жүргүздү
16 июль

Акыйкатчы Институту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде мониторинг жүргүздү

Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору 2026-жылдын 14-июлунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесине мониторинг жүргүздү. 

Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери соттолгондор менен, алардын катарында А.К. (КР Кылмыш-жаза кодексинин 43 жана 244-беренелери боюнча соттолгон) жана Ж. у. А. (КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча соттолгон) менен сүйлөштү. 

А.К. мекеменин кызматкери тарабынан анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгендигине даттанды. 

Анын айтымында, мындай аракеттер системалуу мүнөзгө ээ жана колониянын бир нече кызматкерлери башка соттолгондорго да моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп турушат.

Андан тышкары, А.К. кан басымы кескин көтөрүлгөнүнө карабастан, жазалоочу изоляторго (ШИЗО) киргизилген. 
Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү  ШИЗОнун А.К. кармалган камерасын карап чыгышты. Кароонун жүрүшүндө темир керебеттин бузук абалда экендиги аныкталды. Институттун кызматкерлери эскертүүсүнөн кийин колония жетекчилиги керебетти дароо оңдоп берди. 

ШИЗОнун бөлмөлөрүнүн санитардык абалы боюнча да эскертүүлөр берилди. 

Мекеменин жетекчилиги А.К. 9-июлда ички тартиптин эрежелерин кайталап бузгандыгы үчүн ШИЗОго киргизилгенин билдирди. 

15-июлда соттолгон ШИЗОдон кадимки камерага которулду. 

Ж. у. А. дагы мекеменинин кызматкерлери жана жетекчилери тарабынан соттолуучуларга адамгерчиликсиз жана ар-намысты кемсинткен мамиле жасалып жатканына даттанды. 

Ошондой эле, ал акыркы учурда буту ооруп, чуркай албай жатканын билдирген. Анын айтымында, бул көйгөйү менен ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган. 

А.К. жана Ж.у.А. КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаеванын атына арыз менен кайрылышты.  

Арыздарында алар айтылган маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүүгө жана №27 мекеменин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан. 

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери соттолуучулардын тамактануусу менен да таанышып, мекеменин медпунктун текшеришти. Медициналык кызматкерлер соттолуучуларга өз убагында керектүү жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. 

Мындан тышкары, Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери мекеменин жетекчилиги менен соттолуучулардын укуктарын так сактоо, кемсинтүүгө, ырайымсыз мамилеге жана кыйноого жол бербөө зарылдыгын эскертти. 

№27 мекемесинде жаза өтөп жаткан башка адамдардан Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине карата даттануу түшкөн жок.  

Соттолуучулардын арыздары, ошондой эле мониторинг учурунда топтолгон материалдар КРнын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.