Айыл чарба министрлигине кызматтык унаалар тапшырылды
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кызматтык машиналар берилди. Машинанын ачкычын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өз ээлерине тапшырды.
Жаңы кызматтык унаалар Министрликтин борбордук аппаратына, “Агросмарт” мамлекеттик ишканасына, Мамлекеттик Асыл тукум заводуна, Айыл чарбасын кооперациялоо жана инновациялык технологиялар департаментине, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментине, Ветеринардык жана фитосанитардык кызматына, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына берилди.
Министр Бакыт Төрөбаев кызматтык автоунааларды тапшырап жатып:
– Сиздерге бул автоунаалар ишиңиздерди жеңилдетүүгө жардам берсин. Айыл чарбасын өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барышыңызды, кызматтарыңыздагы натыйжалуулукту жогорулатууңузду каалайм, – деп белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга жаңы унаалардын ачкычын тапшырган болчу.
