Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 18-сентябрда шаардык төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Калаа башчы төрөткананын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн корпусун көрүп, дарыгерлер менен жолугушту.
Мурун жеке жактар иштетип келген төрөт үйүнө таандык эки корпус мэрдин тапшырмасы менен кайтарылып алынган. Алардын бири буга чейин оңдолуп, пайдаланууга берилсе, экинчиси толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бүгүн ишке киргизилди.
Шаардык төрөт үйүндө кош бойлуу келиндер үчүн орундуктар жетишсиз болуп келсе, эми бул маселе да чечилди. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен төрөткананын айнектери алмаштырылып, актап-сырдалып, шарттар жакшыртылды.
Мэр төрөт үйүнүн жамаатына энелерге жана ымыркайларга мээрим менен мамиле жасоону, өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
