КР БШК төрагасынын орун басары А. Жупуева келерки шайлоолор кандай өтөөрүн айтып берди
18 сентябрь

КР БШК төрагасынын орун басары А. Жупуева келерки шайлоолор кандай өтөөрүн айтып берди

Президентибиз кол койгон жаңы конституциялык Мыйзамдын негизинде мындан аркы шайлоолор жаңы форматта өтөт. Бул тууралуу КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева “Эркин Тоо” гезитине берген маегинде билдирди.

“Мурунку шайлоолордо пропорционалдык система менен 54 депутат партиялык тизме аркылуу, ал эми мажоритардык система менен 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келсе, азыркы мыйзамга ылайык, 90 депутат 30 көп мандаттуу округдан шайланып келет. Ар бир округдан добушту эң көп топтогон үч талапкер депутаттык мандатка ээ болот. Азыр коомчулук шайлоо качан, кандай өтөт экен, деп кызыгып турган чагы. Бул Жогорку Кеңештин депутаттарынан гана көз каранды. Эгер алар өзүн-өзү таркатууга барышса, 5 күндүн ичинде Президентибиз Жарлыгын чыгарат. Андан кийин гана шайлоонун өтө турган күнү белгилүү болот. 2021-жылы бизде шайлоо аралаш системасы боюнча өткөн. Азыр мажоритардык жана пропорционалдык система менен шайланып келишет. Бул жолу аялдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк каралды. 90 депутаттын эң аз дегенде 30у сөзсүз түрдө аял киши болушу мүмкүн”, – деп түшүндүрдү А. Жупуева.