Пекинде гуманитардык алмашуу боюнча ШКУ форуму өттү
26 август

Пекинде гуманитардык алмашуу боюнча ШКУ форуму өттү

Пекинде гуманитардык алмашуу боюнча ШКУ форуму өттү. 

Форумга куттуктоо каттарын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жөнөтүп, иш-чарага ар тараптуу ийгиликтерди каалашты.

ШКУ форумуна уюмга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы ЖМКларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана дипломатиялык корпусунун мүчөлөрү болуп 150дөн ашуун адам катышты.

Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө форум Кыргызстан менен Кытайдын маалымат каражаттарынын кызматташтыгында дагы чоң ийгиликтерге жетишүүнүн башаты болоруна ишенимин билдирди. 2025–2026-жылдары Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде өлкөнүн Кытай Медиа корпорациясы менен кызматташуусу дагы да бекемделери күтүлүүдө.

Форумдун алкагында ШКУ өлкөлөрүндө «Мурастын сактоочусу» телекөрсөтүүсүнүн берүүлөрү башталып, «ШКУ жаштары: аракет кылуу убактысы» акциясы жана Silk Way Star музыкалык сынагы старт алды.