Бишкек: Өткөн жылы  жарандык иштер боюнча райондук соттордун мөөнөттөрү  бузулган 1455 иш катталган
10 февраль

Бишкек: Өткөн жылы  жарандык иштер боюнча райондук соттордун мөөнөттөрү  бузулган 1455 иш катталган

2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча видеоконференция аркылуу жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү.

Өзгөчө, жеке аныктамалардын санына жана натыйжаларына көңүл бурулду. Бишкек шаардык соту тарабынан 15 жай аныктама чыгарылган. Административдик коллегия тарабынан 3 жай аныктама, 3 жооп келген – 2 эскертүү, 1 сөгүш берилген.

Кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 7 жай аныктама чыгарылган.

Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан жалпысынан 290 жеке аныктама чыгарылган. Кылмыш иштер боюнча соттор тарабынан 239 жеке аныктама чыгарылса, 20 жеке аныктама жарандык иштер боюнча соттор тарабынан, ал эми 31 жеке аныктама административдик соту тарабынан чыгарылган (129-жеке аныктама боюнча жооптор келген.)

Өткөн жылы  жарандык иштер боюнча райондук соттордун мөөнөттөрү  бузулган 1455 иш катталган.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев элдин нааразычылыгын мөөнөттөрү бузулган иштер,  чечимдердин жокко чыгарылышы, иштердин өз убагында каралбай жаткандыгын   айтты.

Жыйындын жүрүшүндө  сот актылары  өз убагында аткарылбай,  даттануулар өз учурунда  тиешелүү сотторго жөнөтүлбөй калган фактылар болуп жаткандыгы айтылып,  шаардагы канцеляриялардын ишин көзөмөлгө алуу керек экендиги айтылды.

Жарандык иштерди кароодо Бишкек шаарындагы соттордун жетишкендиктери дагы айтылды. Райондук соттордун  соттук актыларынын туруктуулугу боюнча  Биринчи май райондук сотунун судья Жаныбек кызы Венера  87,23 % түзгөн.

Ал эми Свердлов райондук сотунун судьясы  Аида Мусуралиева 88, 71%, Ленин райондук сотунун судьясы  Мээрим Жолдошова 80% , Октябрь райондук сотунун судьясы  Эльмира Барыктабасова 83% түзгөн.

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Талайбек Абыкеев процесстик мөөнөттөрдү сактоо соттордун эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ошондой эле, судьялардын көңүлүн алардын квалификациясын тынымсыз жогорулатууга бурду, анткени сот адилеттигинин натыйжалуулугу көбүнчө судьялардан, алардын кесиптик даярдыгынан жана соттук практиканын бирдей колдонулушунан көз каранды.