
Ак-Талаа районунда "Үч-Алыш" каналы пайдаланууга берилди
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы бүгүн “Үч-Алыш” каналынын курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каналдын ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана райондун жетекчилиги, айыл тургундары катышты.
“Жаңы-Чегиртке” магистралдык каналынан “Эски-Чегиртке” каналына кошулуучу “Үч-Алыш” каналынын курулуш жумуштарынын алгачкы этабы 1985-жылы башталып, 1,2 чакырымы эксковатор менен казылып, ошол бойдон токтоп калган.
2023-жылдын октябрь айында Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын муктаждыгын чечүү максатында каналды толук бүткөрүү долбоору сунушталган. Республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, чарбалык ыкма менен 9 миллион 642 миң сомго 3292 метр канал курулуп бүттү.
Каналдын ишке берилиши менен 450 гектар аянтка суу берүү жакшырып, 150 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Курулуш жумуштарына БУУнун Азык-түлүк программасы менен Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынан 132 адам тартылды. Ошондой эле Кара-Бүргөн айыл аймагынын “Кадан Майстан” муниципалдык ишканасынын техникалары жардам берди.