Чаткал район электр тармактары 90% кышка даяр
29 октябрь

Чаткал район электр тармактары 90% кышка даяр

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы -Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Чаткал РЭТинде күз- кыш мезгилине карата даярдыгы уланууда.

Энергетиктер жаз айларынан тартып сапаттуу электр энергиясын берүү максатында ремонт иштерин жүргүзүшүүдө. Чаткал РЭТи 53,6 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгыны ремонттон өткөрүшүп, 80, 7 чакырым 0,4 кВ аба чубалгынсында техникалык тейлөө жумуштарын жасашты. 

Ал эми 12 даана трансформатор ремонттон өтсө, 67 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Мындан сырткары, 120, 8 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгыларына тоскоол болгон бак- дарактарды бутоо иштери жүргүзүлдү. 

Жогоруда аткарылган ар бир жумуш керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.