Борбор калаа Манас шаарына көчүрүлөбү? УКМК башчысынын жообу
Манас шаарын борбор калаа кылуу боюнча бүгүнкү күндө эч кандай ой жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев телеканалдардын бирине берген маегинди айтты.
Ал Манас шаарын борбор кылуу боюнча азырынча жетекчилердин дагы, саясатчылардын дагы оюнда жок экенин белгиледи.
"Бирок, Манас шаары - Кыргызстандын борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Бирок азырынча мындай маселе эч жерде коюлган жок. Эгерде андай маселе көтөрүлүп калса аны саясатчылар же кайсы бир топ эмес, эл чечет. Бул маселени референдумга койсо эл өзү эле чечип коет. Бирок бул маселе азыр күн тартибинде жок", - деди ал.
