Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Өзбекстадын премьер-министри Абдулла Ариповду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.
