Баткенде жол кайгуул кызматына 10 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
Ички иштер министрлиги тарабынан берилген жаңы кызматтык автоунаалар Баткенге келип, башкармалыктын башчысы Улан Жукенов тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 10 даана жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.
Жаңы Chevrolet COBALT үлгүсүндөгү унаалар облустун шаар жана райондорундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын район-шаарлардагы бөлүмчөлөрүнө бөлүштүрүлүп, кызматтык ишмердүүлүктү жогорулатууга багытталат. Максат — жол кырсыктарын алдын алуу, жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана көзөмөлдү күчөтүү.
Унаа заманбап Hytera үлгүсүндөгү автомобилдик рациялар, GPS-навигация, видеобайкоо камералары менен камсыздалып, медициналык аптечка, өрт өчүргүч, авариялык эскерткич белгилер орнотулган.
