“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди
4 ноябрь

“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, алар:

– “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында айрым терминдерди жана түшүнүктөрдү өзгөртүү жана аныктоо;

– ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги тамак-аш азыктары менен ички рынокту толтурууда жана каныктырууда импорт алмаштыруунун ролун көтөрүү жана макамын аныктоо жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;

– өлкөнүн калкын тамак-аш азыктары менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо жана канааттандыруу жолу менен азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү деңгээлин аныктоо.