Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июнда убактылуу ачылат
19 май

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июнда убактылуу ачылат

Стратегиялык Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу убактылуу ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Сезондук каттамды ачууга карата бардык даярдык иштери жана коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча иштер жүрүп жатат. 

Унаа жолу июндан ноябрь айына чейин ачык болот. 

Айдоочулардан ылдамдыкты ашырбай, эрежелерди так сактоо талап кылынат.