Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат
26 август

Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат

Ош шаарында дипломаттар шаарчасы курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта мэр Жеңишбек Токторбаев Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугушуп, консулдуктар үчүн бөлүнгөн жер тилкеси менен тааныштырды.

Дипломатиялык шаарча Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат.

Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.