ЖКККББгы мыйзамсыз жарык берүүчү каражаттарды орнотуп алган тез жардам унааларын айып короо жайына киргизди
4 ноябрь

ЖКККББгы мыйзамсыз жарык берүүчү каражаттарды орнотуп алган тез жардам унааларын айып короо жайына киргизди

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жарык берүүчү каражаттарды мыйзамсыз орнотуп алган 5 жеке менчик тез жардам кызматынын унаасы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, белгиленген талаптарды бузган ар бир тез жардам унаасына 17 500 сомдон айып пул салынып, айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББгы Өкмөттүн тиешелүү токтомуна ылайык, тез жардам кызматтарына таандык унааларга жаркылдоочу жарык берүүчү каражаттардын (маяктарды) көк түсүн гана колдонууга уруксат берилерин. Ошондой эле башка түстөгү жаркылдоочу жарыктарды орнотуу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана тиешелүү жоопкерчиликке тартулаарын эскертет.