ИИМ Эгемендүүлүк майрамына жана жаңы окуу жылына карата коопсуздук чараларын күчөтөт
Ички иштер министрлигинде 26-августта онлайн кеңешме болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Онлайн кеңешмеде коомдук тартипти камсыздоону күчөтүү жана баңгизаттарга каршы күрөшүү иш-чараларынын натыйжалары жөнүндө маселелери каралды.
Алгач, Улан Ниязбеков жетекчилерге Эгемендүүлүк майрамында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сапаттуу камсыздоо керектигин билдирип, бир дагы мыйзам бузууга жол бербей, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну тапшырды.
“31-августта Эгемендүүлүк майрамыбыз жыл сайын өлкөбүздүн ар кайсы региондорунда өткөрүлүп келээрин баарыңыздар жакшы билесиздер. Быйылкы жылы бул саамалык улантылып, Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад облусунда белгиленет. Аны менен бирге, өлкөбүздүн бардык региондорунда массалык-маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Андыктан, күч-каражаттарга көңүл буруп, мыйзам жана укук бузуулар болушу мүмкүн болгон тилкелерди катуу көзөмөлгө алыңыздар. Массалык-маданий иш-чаралар болуп өтө турган жерлерди тактап, авто жана жөө кайгуулдарды туура бөлүштүрүңүздөр. Жол кыймылына дагы көңүл буруңуздар”,-деди Улан Ниязбеков өз сөзүндө.
Ушуга эле катар, 1-сентябрь-окуу жылынын башталышына карата орто жана атайын орто окуу жайларында болуп өтө турган иш-чаралардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырды.
Мектептердин айланасындагы коомдук тартипти, аны менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүлгөн негизде камсыздап, жаш өспүрүмдөрдүн ар түрдүү кырсыктарга кабылып калуусун болтурбай, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.
