Маданият министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
Маданият министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде КР президентинин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн сом акча каражатынын сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, Министрликке караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
