Азербайжандын премьер-министри Кыргызстанга келди
Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
Азербайжандын премьер-министри Али Асадовду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.
