ИИМ өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат
Ички иштер министрлиги өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.
2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды.
Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда.
Тергөө иш-чаралары уланууда.
