Кибер алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
18 сентябрь

Кибер алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 28-апрелинде Баткен шаарынын 45 жаштагы тургуну Ж. Ч. (аял киши) “Mashina.kg” сайты аркылуу Matiz үлгүсүндөгү автоунааны сатып алмакчы болуп, унаа үчүн “Б” аттуу жаранга 10 000 сомду банктык картасына которгон. Акча которулгандан кийин шектүү телефонун өчүрүп, байланыштан чыгып кеткен.

Бул факты боюнча жабырлануучу арыз жазып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде, Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 11-сентябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 32 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалып келип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.