БШК мүчөсү У. Жылкыбаев: Парламенттик шайлоодо бир шайлоочу бир гана талапкерди тандай алат
18 сентябрь

БШК мүчөсү У. Жылкыбаев: Парламенттик шайлоодо бир шайлоочу бир гана талапкерди тандай алат

Алдыдагы шайлоолорго барам деген талапкерлер жана шайлоочулар билиши шарт болгон негизги жаңы эрежелердин ичинен эң эле башкы нерсе – бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат. Бул тууралуу КР БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

“Жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолордо көп мандаттуу округдарда канча мандат болсо, ошончо добуш бергенге укугу бар. Парламенттик шайлоодо бир шайлоочу бир гана талапкерди тандай алат. Талапкерлер билип коюшу кажет нерсе, күрөө акысы 100 миң сомдон 300 миң сомго көтөрүлдү. Мурда талапкер 5% көбүрөөк добуш алса, ал акча кайра кайтарылып берилчү. Азыр эми андай жок, күрөөгө коюлган каражат республикалык бюджеттин эсебине кетет“, – деп белгиледи У. Жылкыбаев.

Ошондой эле талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, же партия менен шайлоого бара аларын, 25 жаштан уулу, жогорку билимдүү, соттолбогон жаран болушу керектигин кошумчалады.

“Маанилүүсү, өлкө аймагында соңку 5 жылда жашашы керек, билим алып, же ден соолугун чыңдаганы үчүн барган иш сапарларынын жалпы убактысы 6 айдан ашпашы керек. Жашаган жери боюнча эле эмес, каалаган жерине барып, талапкерлигин шайлоого жылдыра алат“, – деп билдирди БШК мүчөсү.