Президент: УКТнын 300дөн ашык мүчөсү жоопкерчиликке тартылды
27 февраль

Президент: УКТнын 300дөн ашык мүчөсү жоопкерчиликке тартылды

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүп жатат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышууда.

Президент кеңешмеде сүйлөп жатып, коррупцияга каршы күрөшкө токтолду. 

Анын айтымына караганда, коррупция ондогон жылдар бою мамлекеттик институттарды ичинен иритип, алсыратып, элдин ишенимин таптакыр жоготуп, экономиканын өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген.

"Биз мындай чырмалышып, тамырлап кеткен илдеттин өзөгүн соолутуу боюнча принципиалдуу чечимдерди кабыл алдык", – деди ал.

Президент кнтикоррупциялык иш-аракеттердин алкагында миңдеген кыймылсыз мүлк объектиси мамлекеттин карамагына алынгандыгын айтты.

"Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объекти өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына 3 300 гектардан ашык айыл чарба жери кайтарылды. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 38 миллиард сомдон ашык зыян өндүрүлдү. Биз айрым криминалдык түзүмдөрдү гана жоготпостон, ондогон жылдар бою “көмүскө таасирлерди” “багып келген” механизмдердин системасын талкаладык. Мамлекет мыйзам үстөмдүгүн кайтара алды", – деди ал.

Мамлекет башчысы Ички иштер министрлиги масштабдуу санариптик трансформациядан өткөндүгүн кошумчалады. Өлкөнүн бардык аймактарында сутка бою мониторинг жүргүзгөн заманбап видеобайкоо системалары орнотулду.

"Натыйжада, катталган кылмыштардын саны 73%га кыскарды. Камералар орнотулган коомдук жайларда оор мыйзам бузуулар 68%га азайды. Мунун баары биздин көчөлөрдүн коопсуздугуна, үй-бүлөлөрдүн тынчтыгына, ата-энелердин балдары үчүн ишенимине багытталган аракеттер десек болот. Биздин күчтүү мамлекет курабыз деген билдирүүлөрүбүз куру сөз катары кабыл алынбашы керек. Бул чек араны коргой билүү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу, кылмышкерлерди жазасыз калтырбоо, ошол эле маалда ар бир жарандын коопсуздугуна кепилдик берүү жөндөмдүүлүгү тууралуу сөз деп айтаар элем", – деди ал.