Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан ӨКМдин облустагы башкармалыгына техникалар алында
31 декабрь

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан ӨКМдин облустагы башкармалыгына техникалар алында

30-декабрда Каракол шаарындагы ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына жаңы унаа жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда колдонулуучу техникалык шаймандарды салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы өттү. Керектелүүчү техникалык каражаттарды алууга “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду” тарабынан 2025-жылга 8 000 000 сом бөлүнгөн.

Алсак:

аллюминийден жасалган 5,5 метрлик, 115 ат күчүндөгү кыймылдаткычы бар моторлуу кайык;

  • ⁠"JAC T6" үлгүсүндөгү автоунаа,
  • ⁠50 кВт автоматташтырылган генератор – 1,
  • ⁠9,5 кВт электр генератор – 4,
  • ⁠18 кВт электр генератор – 1,
  • 6,5 метрлик, 130 ат күчүндөгү кыймылдаткычы бар моторлуу кайык,
  • ⁠суучулдар үчүн шаймандар сатылып алынган.

Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан 2024-жылы да 2 827000 сом каражатка "Т6-ТС" үлгүсүндөгү 2 мотопомпа алынган.

Аталган техникалык каражаттарды салтанаттуу тапшыруу иш-чарасына Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев жана өздүк курам катышты.

Бакытбек Жетигенов өз сөзүндө: “Куткаруучулардын түйшүктүү жана эл алдындагы жоопкерчиликтүү кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, айттырбай келген кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда ыкчам даярдыкты жогорулатып, күчтөндүрүүгө болгон күч-аракет жумшаларын баса белгиледи. Ал ошондой эле 2026-жылы фонд тарабынан облустагы кышкы туризмди өнүктүрүүдө коопсуздукту сактоо максатында карда жүрүүчү унаа (снегоход), суу астында иштөөгө ылайыкталган дрон жана куткаруучулар үчүн кызматтык вахталык автобус алуу каралып жатат”, – деп билдирди.

Андан соң Б. Жетигенов ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын жаңы курулган административдик имаратын, куткаруучулардын иштөө шарттарынан кабар алды.

Өз кезегинде башкармалыктын башчысы, полковник Мирлан Карабаев Президентин өкүлчүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, башкысы облусту өнүктүрүүдө жаңы жылга жаңы пландарды ишке ашырууда тыгыз кызматташтык менен жигердүү аракеттер жүрө тургандыгын айтты.