Кыргызстанда бир бош жумуш ордуна 14 талапкер туура келет
2026-жылдын II чейрегинде Кыргызстанда бир бош жумуш ордуна орточо эсеп менен 14кө жакын талапкер туура келген.
Эмгек рыногундагы атаандаштык индекси 13,8ди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 35,3%га өскөнү headhunter.kg жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.
Бул көрсөткүч активдүү резюмелердин санынын жарыяланган бош жумуш орундардын санына болгон катышынын негизинде эсептелет. Индекс канчалык жогору болсо, жумуш издегендер үчүн жумуш табуу ошончолук татаалдашат, ал эми иш берүүчүлөрдүн кызматкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Эң жогорку атаандаштык коопсуздук тармагында катталган. Бул багытта бир вакансияга орточо 26 резюме туура келет. Сунушталган орточо айлык акы 22 миң 500 сомду түзөт.
Транспорт, логистика жана жүк ташуу тармагында атаандаштык индекси 25,6га жеткен. Үй жана тейлөө кызматкерлери арасында бул көрсөткүч 23,5ти, жумушчу адистиктерде 22,6ны түзгөн.
Ошондой эле стратегия, инвестициялар жана консалтинг тармагында бир вакансияга 21,4 резюме, искусство, көңүл ачуу жана массалык маалымат каражаттары тармагында 21, маалыматтык технологиялар тармагында 17,7 резюме туура келген.
Ал эми жумуш издегендер үчүн эң ыңгайлуу жагдай камсыздандыруу тармагында байкалган. Бул жерде бир вакансияга орточо 5,2 резюме туура келет. Өндүрүш жана сервистик тейлөө тармагында индекс 6,7ни, айыл чарба жана чийки зат казып алуу тармактарында 7,7ни түзгөн.
Мындан тышкары, кадрларды башкаруу тармагында атаандаштык индекси 7,9, финансы жана бухгалтерияда 8,2, чекене соодада 9,1, илим жана билим берүү тармагында 9,6 болгон.
headhunter.kg маалыматына ылайык, бир жыл ичинде активдүү резюмелердин саны 43,4%га көбөйгөн. Ошол эле учурда бош жумуш орундардын саны болгону 6,2%га өскөн. Дал ушул айырма өлкөнүн эмгек рыногундагы жалпы атаандаштыктын күчөшүнүн негизги себептеринин бири болгон.
