“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусу ачылды
8 май

“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусу ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанатка жана жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы 97 орунга ылайыкталган жаңы үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, жаңыланган инфраструктурасы, анын ичинде бассейн жана термалдык булактар менен таанышты жана ошондой эле бак отургузду. 

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө Президент сөз сүйлөп, туризмди жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары бар экенин, аны калктын ден соолугун чыңдоо жана экономиканын өсүшү үчүн натыйжалуу пайдалануу керектигин баса белгиледи.