ИИМдин кызматкерлери санариптик криминалистика боюнча окуу курсунан өтүштү
Ушул жылдын 16-17-сентябрь күндөрү “Кылмыштарды ачууда жана иликтөөдө санариптик криминалистика” темасында окуу курсу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Иш-чара ИИМ менен ЕККУнун Программалык кеңсесинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.
Сабактарды Россиянын Ички иштер министрлигинин соттук-эксперттик борборунун санариптик жана сүйлөө маалыматы экспертизалар башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Савельев өткөрдү.
Бул курска ИИМдин башкы жана аймактык башкармалыктарынын башчылары, ошондой эле республиканын бардык облустарынан келген тергөө, ыкчам жана криминалистика бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышышты.
Окутуу программасы санариптик криминалистиканын заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана укук коргоо органдарынын санариптик технологияларды колдонуу менен байланышкан кылмыштарды ачуудагы ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучуларга курсту ийгиликтүү аяктагандыгы жана жаңы билим менен көндүмдөрдү өздөштүргөнүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатууга, ошондой эле укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө эл аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өбөлгө түзөт.
