КР ТИМ
20 ноябрь
Медер Абакиров АКШнын элчиси Стивен Гилленден ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 20-ноябрда Кыргызстанга жаңы дайындалган Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Стивен Гилленден Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кыскача пикир алмашуу болуп, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө басым жасалды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү чөйрөлөрдө көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө берилгендигин ырасташты.
