Кызыл-Кыя шаарында мал уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 1-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылынын 29 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя ШИИБне арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын “Пост ГАИ” участкасында базар баасы 80 миң сом болгон 1 баш уйун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин мал уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 37 жаштагы тургуну М.У., Кадамжай районунун 46 жаштагы М.Ж. жана Араван районунун Төө-Моюн айылынын 35 жаштагы тургуну К. уулу Слар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.
