Базар-Коргон районунда социалдык шаарча пайдаланууга берилди
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагына караштуу Жаңы-Абад айылында бүгүн, 20-ноябрда социалдык шаарчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абделкарим Али Мохамед Али жана жергиликтүү тургундар катышты.
Социалдык шаарчанын алкагында 120 орундуу мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана муктаж үй-бүлөлөр үчүн 10 турак жай курулду.
Жаңы объектилер айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга, балдардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүүгө, медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоого багытталган.
Долбоор “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылып, курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен, райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунан да каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Ачылыш аземинде облус башчысы Тилек Текебаев фонддун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, мындай кайрымдуулук демилгелери калктын социалдык абалын жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле ал коомдун өнүгүүсү жардамга муктаж жарандарга кам көрүү, алардын жашоо шартын жакшыртуу жана келечек муун үчүн татыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен тыгыз байланышта экенин баса белгиледи
