ССМ: Министрдин биринчи орун басары Ош шаарындагы жугуштуу оорулар стационарынын иши менен таанышты
31 декабрь

ССМ: Министрдин биринчи орун басары Ош шаарындагы жугуштуу оорулар стационарынын иши менен таанышты

Жалал-Абад жана Ош областтарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар стационарына барды.

Иш сапардын максаты – курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын уюштурулушу менен жеринде таанышуу, ошондой эле сезондук оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу керебет фондунун иш жүзүндөгү жүктөмүн баалоо болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө оорукананын директору Шаят Абдурахманов жугуштуу оорулар стационары 270 керебетке ылайыкталганын, алардын 180и балдар үчүн, калганы чоңдор үчүн каралганын маалымдады. Сезондук оорулардын күчөгөн шартында кайрылуулардын олуттуу өсүшү байкалганы менен, бардык бейтаптарга зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле акыркы жылдары, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагы жана калкынын саны көбөйгөнү белгиленип, бул жагдай медициналык уюмдарга болгон жүктөмдүн өсүшүнө объективдүү таасир эткени жана стационарлардын убактылуу жогорку деңгээлде толушуна алып келгени айтылды.

Иш сапардын жыйынтыгында Айбек Маткеримов бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Атап айтканда, чоңдорду башка альтернативдүү бөлүмдөрдө кабыл алууну уюштуруу, ал эми жугуштуу оорулар стационарын сезондук инфекциялар мезгилинде эң аялуу топ болуп саналган балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө максималдуу түрдө багыттоо тапшырылды.

Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын так сакталышын күчөтүү, бейтаптарды так маршрутташтыруу, медицина кызматкерлеринин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилди.