Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды
19 май

Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды

КР УКМК Ош облусунда К.Досоновдун "Женго" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун сакталган жерин аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, «Ош» эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерде жайгашкан жашыруун жайдан төмөнкүлөр табылып алынды: аңчылык куралынын кесилген түрү — 1 даана, АК «Сайга» — 1 даана, ПМ — 2 даана, ошондой эле көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарга тиешелүү ок-дарылар.

Азыркы учурда алынган курал-жарак жана ок-дарылардын келип чыгышы аныкталууда, ошондой эле жашыруун жайды уюштурган адамдардын ким экендиги такталууда.