Милдеттүү медициналык камсыздандыруу: кимдер алышы керек жана кандай жеңилдиктер берилет
23 январь

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу: кимдер алышы керек жана кандай жеңилдиктер берилет

Кыргызстанда милдеттүү медициналык полисин кимдер алышы керек жана полис алган жаран медициналык кызматтарды алууда кандай жеңилдиктерге туш болот? Бул суроого Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы  Гүлмира Черикова жооп берди.

Айтымында, мамлекеттик кепилдиктер программасы жыл сайын өзгөрүп турат. Ар бир өзгөрүүлөр боюнча Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда, ооруканаларда атайын тактага жазылып, илинет. Ошондой эле, бул боюнча 113 кыска номерине күнү-түнү чалып, тажрыйбалуу дарыгерлерден маалымат алууга да болот.

“Канчалык аракет кылып, жолугушууларды өткөрүп, маалыматтарды жайылтсак дагы бул боюнча элдин кабары аз. Жаңы жылдын алдында аймактардагы медициналык мекемелерде жолугушуу өткөрдүк, ошондо кээ бир жаш дарыгерлер, медицина кызматкерлеринин дагы бул жөнүндө түшүнүгү аз экенин билдик. Медиктер билбегенден кийин башкаларга эмне дейбиз”, – деди Черикова.

Айтымында, 2024-жылдын апрель айында “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандырууну (ОМС) 18 жашка чыккан жарандар, үй кожойкелери, сатуучулар, такси кызматындагылар, тигүүчүлөр жана чет өлкөлүк студенттер алууга тийиш. Ошондой эле Кыргызстанда иштеген, бирок өлкөнүн Социалдык фондуна салык төлөбөгөн чет өлкөлүк жарандар дагы алышат, аларга баасы – 11 910 сом. Ал эми ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн: Армения, Беларусь, Россия, Казакстандын жарандары Кыргызстанда иштеп жана Соцфондко салык төлөсө, аларга кыргызстандыктарга берилчү баада – 1840 сомго берилет. Бул бир жылдык баа.

Черикова, милдеттүү медициналык камсыздандыруу берилгенден беш күндөн кийин күчүнө кирерин жана бул боюнча айрым учурда түшүнбөстүктөр болоорун айтты.

“Мисалы, жаран ооруканага жата турган болсо, ал жактан базадан карашып, “Сиздин полисиңиз жок экен, ошондуктан 8400 сом төлөйсүз, эгерде бар болгондо 840 сом төлөмөксүз”, – дешсе, жаран дароо полис алууга чуркайт. Бирок берген кызматкерлер анын 5 күндөн кийин күчүнө кирээрин айтышса, түшүнбөстүк жаралат. Эч ким оорубасын, бирок полисти алдын ала алып койгон жакшы. Андан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар адам үчүн 54 лабораториялык анализ акысыз жүргүзүлөт”, – деди Гүлмира Черикова.