Этият болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
31 август

Этият болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, батышкан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болуу керектигин эскертти.