БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
3 ноябрь

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:

  • Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин,
  • Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын,
  • Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
  • Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин,
  • Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин,
  • Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн,
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын,
  • Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ),
  • Парламенттик Ассамблеясынын,
  • Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын.

Бардыгы болуп 54 байкоочу аккредитацияланды.

2025-жылдын 2-ноябрына карата жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.