Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан киберкылмыштуулукка шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар тарабынан анын атына 167 миң 270 сом өлчөмүндө кредит мыйзамсыз жол менен алынганын билдирип, тиешелүү чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-прим 1 (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган жаран К. П. өзүнүн электрондук банктык эсебин үчүнчү жактарга берип, алардын мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна шарт түзгөнү, натыйжада материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында 2003-жылы туулган К. П. айыпталуучу катары жоопкерчиликке тартылып, ага карата электрондук көзөмөл каражатын колдонуу менен бөгөт коюу чарасы тандалган.
Октябрь РИИБ эскертет: «дропперлик» жана кылмышкерлерге банк карталарын ачууда көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет!
Кылмышкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(700) 21-00-24, 0(551) 90-00-59 же 102.
