Лейлек районунун чек ара айылдарында балдарга түшүндүрүү иштери өткөрүлдү
Лейлек районунун чек ара айылдарында балдарга түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, деп билдирет Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, Лейлек РИИБдин Кулунду милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Интернационал айылынын “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы орто мектебинде барышып, 7-8-9-10-11-классынын окуучуларына жыйын уюштуруп, мыйзамдуулук жана өспүрүм балдардын милдеттери жана укуктары боюнча тема каралды.
Жыйында жаш өспүрүмдөрдүн экономикалык контрабандага аралашпоосу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча ошондой эле муравейлерди автоунаа жолдоруна айдабоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
