Баткен районунда “Разбойник” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
20 декабрь

Баткен районунда “Разбойник” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

2025-жылдын 19-декабрь күнү Баткен районунун аймагында өтүп жаткан “Разбойник” аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын алкагында, “А.Шагамурзаев” атындагы Таян милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Алтын-Бешик айыл аймагындагы Таян жана Сай айылдарында түшүндүрүү жана паспорттук текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 38 кожолук жана 130 жаран текшерилди. Жергиликтүү тургундарга кибер кылмыштар жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана паспорттук режимдин негизинде эл менен профилактикалык жолугушуулар өткөрүлүп, электрондук каттоо иштери жүрдү.