КР ИИМ
11 июнь
Кыргызстанда милиция туристтик мезгилде коопсуздук чараларын күчөтүүдө
Туристтик мезгил маалында Кыргызстандын ички иштер органдары коомдук тартипти сактоо жана жарандар менен өлкө конокторунун коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.
Милиция кызматкерлери туристтик аймактарда, массалык эс алуу жайларында жана эл көп топтолгон жерлерде алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп, кайгуул кызматын күчөтүп, мүмкүн болгон окуяларга ыкчам чара көрүүнү камсыз кылышууда.
Эс алуучуларга коопсуздук чараларын сактоо боюнча маалымат берүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти сактоого, мыйзам бузуу фактылары жана шектүү жагдайлар тууралуу милицияга ыкчам билдирүүгө чакырат.
