Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолунда сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды
видеодон алынган кадр
4 июль

Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолунда сел жүрүп, каттам убактылуу жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесинде сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты.

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, буга байланыштуу Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды.

Учурда министрликтин Жол экспулатациялор мекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жолдо этият болууга жана жооптуу кызматтардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.