Баткендеги сел: бир катар аймакта электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады
Кыргызстан улуттук электр тармагы
23 июнь

Баткендеги сел: бир катар аймакта электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады

Баткен районунда 22-июнда катталган селдин кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имаратына жана 110/35/6 кВ «Баткен» көмөк чордонунун аймагына сел суулары кирди. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан кабарлашты.

Аталган кырдаалдын натыйжасында Баткен шаарында жана Баткен районуна жакын бир катар райондордо электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.


Учурда Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, аймакты тазалоо жана электр жабдууларын калыбына келтирүү боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Авариялык-оңдоо бригадалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр энергиясын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу максатында кошумча күчтөр жана техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери өзгөчө көзөмөлгө алынды.