Кыргызстан санариптик көз карандысыздыгын бекемдеп, ЕАЭБ айдыңында кызматташтыкты кеңейтүүдө
Кыргызстан санариптик көз карандысыздыгын бекемдеп, ЕАЭБ айдыңында кызматташтыкты кеңейтүүдө. Бул тууралуу КР санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Чолпон-Атада өтүп жаткан VII кыргыз-орус экономикалык форумунун пленардык отурумунда билдирди.
Министр өз сөзүндө өлкөнүн негизги артыкчылыктуу багыттары: маалыматтарды иштеп чыгуу борборун өнүктүрүү, мамлекеттик тутумдарды коргоо, ата-мекендик IT-чечимдерди колдоо жана ЕАЭБге санариптик инфратүзүмдүк интеграцияны чыңдоону сунуштады.
Жамангулов электрондук документтерди жана электрондук колтамгаларды өз ара таануу маанилүү кадам болуп саналарын кошумчалады.
Ошондой эле ал "Түндүк" - долбоорун, Tunduk порталын жана колдонмосун, "е-Кызмат" жана "Санарип аймак" өңдүү улуттук долбоорлорун сунуштады.
Өзгөчө көңүл IT-кадрларды даярдоо жана ЕАЭБ өлкөлөрүн глобалдык санариптик экономикасында позициясын бекемдөөгө өбөлгө боло турган мыкты тажрыйбалар менен алмашууга жасалды.
