сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
27 июль
Кыргызстандагы ар бир үчүнчү жол кырсыгы Бишкекте катталат
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 2 миң 184 жол кырсыгы катталган. Орточо эсеп менен өлкөдө күн сайын 12ге жакын жол кырсыгы болгон.
2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 41,4%га азайган.
Кырсыктардын көбү Бишкек шаарында катталган — жалпы сандын 30,4%ын түзөт. Чүй облусуна 24,3%, Ош облусуна 13,9%, Жалал-Абад облусуна 11,4% туура келген.
Жол кырсыктарынын кесепетинен 2 миң 967 адам жабыркаган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,3%га аз.
Алты ай ичинде жол кырсыктарынан 345 адам каза болгон. Бул көрсөткүч болгону 0,3%га азайган.
Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянып берилди.
