Бишкекте Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоого жана үч жол түйүнүн курууга $32,6 млн грант каралган
Бишкекте көчө-жол тармагын өнүктүрүүнүн алкагында Курманжан Датка көчөсүн реконструкциялоо жана үч транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда.
Бул иштер «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «Бишкек шаарындагы транспорттук жол түйүндөрү» долбоорлорунун алкагында жүргүзүлөт.
Эки долбоор боюнча гранттык каржылоонун көлөмү $32,6 млн түзөт.
Жаңы объектилер борбордун транспорттук байланышын жакшыртып, жол тармагынын айрым тилкелеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатары күтүлүүдө.
Муну менен катар Бишкекте башка ири инфраструктуралык долбоорлор да уланууда.
Тактап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында шаардык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоого жана модернизациялоого $56 млн инвестиция каралган. Долбоор аяктагандан кийин саркынды сууларды тазалоо кубаттуулугу суткасына 500 миң куб метрге чейин жетиши керек.
Мындан тышкары, катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү заводго $95 млн инвестиция салынууда. Завод суткасына 1 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө эсептелген. Анын кубаттуулугун 1,2 миң тоннага чейин көбөйтүү жана 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Ишканада буга чейин 80 жумуш орду түзүлгөн. 2026-жылдын июль айында долбоордун экинчи этабына капсула салынган. Ал суткасына 2 миң тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүчү кошумча объектти курууну карайт.
