Депутаттар аймактарда кандай социалдык объектилерди курууну суранып жатышат
17 октябрь

Депутаттар аймактарда кандай социалдык объектилерди курууну суранып жатышат

Бүгүн, 17-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Араван районунун Маңгыт айылындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү көйгөйүн көтөрдү. Депутат Сеидбек Атамбаев Чүй облустук клиникалык ооруканасынын короосун асфальттоо, Чокморов айылына каттоочу автобустардын санын көбөйтүү маселелерин белгиледи. 

Ал эми депутат Бахридин Шабазов Ысык-Ата районунун Киров айылында жайгашкан бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоо, Ысык-Көл аймагында жол кырсыктарына себеп болгон мал-жандыктарды кароого алуу тууралуу айтты. "Мал-жандыктар түнкүсүн да жолдо кароосуз жүргөндүктөн тез-тез жол кырсыктары орун алууда. Тиешелүү органдар буга чара көрүшү керек”, - деди депутат. Депутат Арсланбек Эгембердиев Кочкор-Ата шаарында жайгашкан №77 кесиптик лицейдин имаратын жаңылоо жана техникалык базасын жакшыртуу маселесин козгоду.       

Депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргон районунун тоолуу айылдарында жабылып калган мектептердин абалын айтып, аймактын катаал шартын эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлигинен аталган билим уяларын кайрадан ачуу талабын көтөрдү. Депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жана Кант шаарында жайгашкан ооруканаларды оңдоо көйгөйүн билдирди. 

Мындан тышкары, депутат Алтынбек Кылычбаев Сузак районундагы Аскар-Ата айылына тургундардын өтүнүчү менен жаңы мектеп куруу, Көк-Арт айыл аймагынын Үч-Малай айылында жайгашкан жараксыз мектепти жаңылоо суроо-талаптарын айтты. Депутат Рустамбек уулу Советбек Ноокат районунда жайгашкан Абдулкодирий мектебинин абалын кайрадан көтөрүп, жамгыр жааганда тамчы өтүп, окуу процесстерине тоскоолдук жаратып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле депутат Сулайман-Тоо комплексинин иш тартибин өзгөртүү сунушун берди. 

Депутат Бакытбек Марипов  Ноокат шаарында жолдорду кеңейтүү иштерине токтолуп, райондун Кара-Кой айылында жайгашкан аймакты бийик тоолуу аймактардын катарына кошуу маселесин айтса, депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусундагы Ак-Суу-Алга-Раззаков унаа жолун оңдоо боюнча тургундардын суранычын жеткирди. Ошондой эле депутат Жеңиш айылында 1970-жылы ашар жолу менен курулган бала бакчаны жаңылоо маселесин көтөрдү.