Кыргызстанда «SkyWay» бренди менен иш алып барган каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды
Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында журналисттин билдирүүсү кеңири тараган. Ал укук коргоо органдарына кайрылып, «SkyWay» жана «Sky World Community» аталышындагы компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну өтүнгөн. Алынган маалыматтар боюнча, аталган компаниялардын жетекчилери каржы пирамидасын уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул компаниялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек менен Ош шаарларынын ортосунда «асман көпүрөлөрүн» куруу боюнча ири инвестициялык долбоорго катышууну убада кылып, жарандарды активдүү тартканы аныкталды. Жарандарга кийин жогорку пайда аласыңар деген убада менен долбоорго акча каражатын салуу сунушталган.
Чыныгы инвестициялардын көрүнүшүн жаратуу максатында, катышуучуларга атайын мобилдик тиркеме берилип, анда салынган сумманын көлөмү көбөйүп жаткандай жалган маалымат көрсөтүлгөн. Чындыгында бул каражаттар реалдуу каржылык камсыздоого ээ болгон эмес жана жарандардан чогулган бардык акча каражаттары уюштуруучулардын жеке пайдасы үчүн колдонулган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин (финансы пирамидаларын уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган компаниянын куратору 1973-жылы туулган И.П. аттуу жаран кармалган. Ал «SkyWay» жана «Sky World Community» компанияларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин уюштуруучулардын бири катары аныкталган. Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган.
Азыркы учурда ички иштер органдарына жогоруда аталган каржы пирамидасынын аракетинен жабыркаган жарандардан арыздар келип түшүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «SkyWay» жана «Sky World Community» компанияларынын ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан бардык жарандарды жакынкы аймактык милиция бөлүмдөрүнө кайрылууга же төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: 0505 102 612, 0703 686 883 же 102. Ар бир маалымат тергөөнүн ишин ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүүгө жардам берет жана күнөөлүү адамдардын жоопкерчиликке тартылышына өбөлгө болот.
